“Каракол” тоо лыжасына бара турчу унаа жолго асфальт төшөө пландалууда
- 103 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында “Каракол” тоо лыжа базасына бара турчу жолдун абалы менен жеринен таанышты.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен алдыда бул жолду оңдоп, асфальт төшөө пландалууда. Ошондой эле, тротуар жана веложол куруу иштери ишке ашканы турат. Азыркы учурда жолду изилдөө иштери башталды.
Белгилей кетсек, буга чейин жергиликтүү бийликтин карамагында туруп, 2023-жылы министрликтин балансына өткөрүлүп берилген соң шагыл жол түздөлүп, тегизделип жана кышында кардан тазаланып турду.
Министрлик жети дубанда жайгашкан жаратылышы кооз жерлерге жете турчу жолдорду оңдоо жана кышкы кармоо иштерине өзгөчө көңүл бурууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы