mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кайтпас-Өтүкчү унаа жолундагы көпүрөнү оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кайтпас-Өтүкчү унаа жолуна барып, жолдун 24,7-чакырымында орун алган көпүрөнү ондоо иштери менен жеринен таанышты.

Узундугу 72 метрди түзгөн бул көпүрөнүн жараксыз абалга келген плиталарын жана таянычтарын алмаштыруу менен ондоп-түзөө жумуштары жаз алды менен башталган. Учурда жолдун интенсивдүүлүгүн эске алуу менен жаңы тирөөчтөрдү кайрадан куруу иштери кызуу жүрүп жатат.

Иштин жүрүшү менен таанышкан министрдин биринчи орун басары жумушту сапатуу жана өз убагынан кечиктирбей бүтүрүүнү тапшырды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы