Жүргүнчү жана жүк ташыган унааларга карата рейддик иш-чаралар уланууда
- 47 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптары менен белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирет.
9-сентябрдан 29-сентябрга чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө 46 миң 920 транспорт каражаты (анын ичинен 3 миң 366сы жүргүнчү ташуучу болсо, 43 миң 554ү жүк ташыган унаалар) текшерилди. Натыйжада тартип бузган айдоочуларга түшүндүрүү иштери менен бирге Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 739 протокол түзүлүп, 5 млн 621 миң 500 сом айып пул салынды.
Министрлик транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — бул элден акча чогултуу эмес, жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптарын так сактоо менен жаңы салынган жолдордун талкаланышын алдын алуу болуп саналарын баса белгилеп, айдоочуларды тартипти бузуудан алыс болууга чакырат.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралар 7-октябрга чейин уланат.
Ошону менен катар, министрдин тапшырмасынын негизинде инспекторлор айдоочуларга кышка даярдык жана жанына керектүү шаймандарды (күрөк, чынжырча) алып жүрүү боюнча алдын-ала маалымдоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы