Жол боюндагы мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери уланууда
- 46 просм.
“Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканаларынын кызматкерлери менен Жол чарба департаментинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан жол боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери уланууда.
Мыйзамсыз объектилер Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облусундагы жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо атайын техниканын жардамы менен алынып жатат.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган жумуштар Президенттин 2023-жылдын 14-мартындагы ПЖ №56 “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруунун алкагында жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы