mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын тескөөчүлөрү бир катар мыйзам бузууларды аныкташты

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында унаа каражаттарына болгон текшерүү иштерин үзгүлтүксүз улантууда.

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын тескөөчүлөрү Чүй облусунун аймагындагы оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары арасында салмактык жана габариттик көзөмөл постторунда бир катар мыйзам бузууларды аныкташты.

Жогоруда айтылган аймактык башкармалыктын тескөөчүлөрү тарабынан  2024-жылдын 1-майынан 14-майына чейин 122 мыйзам бузуу катталып, 122 протокол түзүлгөн. Анда жалпы 616000 сом айып пул салынды.

2024-жылдын 13-15-май күндөрү  42 мыйзам бузуу катталып, 42 протокол түзүлдү. Жалпы 116500 сом айып пул салынды.

Ошондой эле  Интернациональный айылындагы 7 карьерге (жүк жөнөтүүчүлөргө) транспорт каражатына жүк жүктөөдө салмак-габариттик параметрлердин ченемдерин сактоо жөнүндө жазма буйруктар берилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы