Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району менен Нарындын Ак-Талаа районун байланыштырган Кара-Гоо ашуусу ачылып, бир тараптуу каттам берилди
- 85 просм.
Белгилүү болгондой буга чейин Нарын-Акталчат-Казарман унаа жолунун 42-99-чакырым аралыгы (Кара-Гоо ашуусу ашуусу жолдун 72-94-чакырым аралыгында жайгашкан) кар көчкү түшүү коркунучунан улам жабылган.
Азыркы тапта Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу № 18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду кардан тазалап, кеңейтүү иштери жүрүүдө. Жалпысынан көлөмү 16 320 м3 кар көчкү тазаланды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/03/WhatsApp-Image-2024-03-25-at-12.41.43-1.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/03/WhatsApp-Image-2024-03-25-at-12.41.43.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/03/WhatsApp-Image-2024-03-25-at-12.41.42.jpeg)