mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

ЖАЛАЛ-АБАД: Жер көчкү түшкөн жол тилкеси тазаланууда

2024-жылдын 10-май күнү болжол менен саат 21:00-22:00 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Казарман — Жалал-Абад участкасында (364-чакырымы) жердин көчүшү башталып, азыркы учурга чейин уланууда.

Бул жаратылыш кырсыгы жолду убактылуу жабууга алып келген.
Жер көчкүнүн кыймылы салыштырмалуу турукташкандан кийин бүгүн, 11-май күнү жерине атайын техникалар жана жолчулар («Чайна Роуд» ишканасынан) тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.

Учурда бир тараптуу каттам бар. Бирок азыркы тапта да жер көчкү акырындап жылып жаткандыгына байланыштуу кийинки аракеттер (тазалоо иштери ж. б.) кырдаалга жараша жасалат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды аталган участокто этият болууга жана келип жаткан маалыматтарга көңүл бурууга чакырат.

Эске салсак, жогоруда аталган аймакта 28-апрель күнү да жердин көчүшү байкалып, жол жабылган. Эртеси атайын техникалардын жардамы менен тазалоо иштери жүргүзүлүп, унаа кыймылы жанданган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы