mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дөң-Талаа автожолунун 3-чакырымында асфальт төшөө иштери жүрүүдө

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын жолчулары өздөрүнө бөлүнгөн жол участоктордо жол куруу иштерин улантууда.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Дөң-Талаа айылынан Ала-Баш айылына чейинки  Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дөң-Талаа автожолунун 3-чакырымында асфальт төшөө иштери жүрүүдө жана бул жолдун негизи 2023-жылдын күз мезгилинде даярдалган.    

Учурда бул участоктогу асфальт төшөө иштерине 10 ашык атайын техника тартылып, анда 30 жолчу иштеп жатат жана бул участоктун аткаруучусу   “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын  Ысык-Көл филиалынын  №33 Жол тейлөө ишканасы болуп саналат.

Мындан тышкары,  Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт  автожолунун 76,5-77-чакырымдарында аң-чөнөктөрдү оңдоо  иштерине даярдыктар жүрүүдө.    

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы