mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүн, 28-мартка карата аймактардагы жолчулар тарабынан аткарылган иштердин түрмөгү

Ат-Башы-Кында–Торугарт автожолунун 1-апрелде ачуу үчүн кыш мезгилиндеги кар көчкүлөрдөн тазалоо иштери ушул эле жолдун 50-80-чакырымдарында улантылууда.  2024-жылдын 18-мартынан ушул убакка чейин көлөмү 55 000 м куб кар көчкүлөр тазаланган. Белгилей кетсек, бул жол 2023-жылдын ноябрында болуп өткөн жер көчкү коркунучуна байланыштуу Ата-Башы райадминистрациясынын буйругу менен жабылган.

Кең-Арал айылындагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолунун 88-97,5-чакырымдарында №47 ЖТИ тарабынан трассанын четтерин бекемдөө, инерттик материалдардын калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми 2024-жылдын 1-апрелинен баштап, аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүргүзүлөт.

Арал-Казарман автожолунда №24 ЖТИнин кызматкерлери инерттик материалдардын калдыктарын тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө. Көкмойнок-Кувакы автожолунун 0-26,1-чакырымдарында №955 ЖТИнин  кызматкерлери атайын техниканын жардамы менен суу буруучу түтүктөрдү тазалоо, кюветтерди бекемдөө, эс алуучу жайларды иретке келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Балыкчы-Ананьево-КараКол автожолунун 198-200-чакырымдарында №4 ЖТИнин кызматкерлери жолду инерттик материалдардын калдыктарынан тазалоо иштерин улантууда.

Ал эми Михайловка-Николаевка-Токтоян автожолунун 46-72-чакырымда-рында жол белгилери жаңыланууда.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Ош-Баткен-Разаков (эски багыт) автожолунун 128-141-чакырымдарында №46 ЖТИнин кызматкерлери трассаны кеңейтүү, ошондой эле маалымат такталарын жана мамыларды жаңылоо боюнча иштерди жүргүзүшкөн.

Үч-Коргон-Кувасай автожолунда №46 ЖТИнин кызматкерлери аң-чөнөктөрдү жамоо иштерин аткарышкан. Ал эми Кызыл-Кыя чек-ара пункттунда жол жээгиндеги тилкеде мыйзамсыз тургузулган объекттерди бузуу боюнча иштер жүрүүдө.  Буга чейин ал жерде КРнын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы Жарлыгына ылайык, түшүндүрүү иштери жүрдү. Ал эми Кан-Бурбалык автожолунда жолду тегиздөө иштери жүрүп жатат.

Ноокен районундагы Ленин-Жол-Казар-Мазар-Сере автожолунун 17-чакырымында №51 ЖТИнин кызматкерлери тарабынан жолду калыбына келтирүү жана бекемдөө, суу өткөрүүчү түтүктөрдү тазалоо иштери жүрүүдө.

Куршаб-Жалпак-Таш автожолунун 0-1-чакырымында, Ош – Разаков  автожолунун 34-чакырымында, Ош-Сары-Таш-Иркештам автожолунда 70- чарчы метр жеринде аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүргүзүлдү. ПАД-Аскалы

автожолунда селдин калдыктарын тазалоо жана жолду кеңейтүү боюнча иштер аткарылып жатат.

 

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы