mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүн, 26-мартка карата  аймактардагы жолчулардын аткарган иштери тууралуу маалымат  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад облусу боюнча филиалынын кызматчылары өздөрүнө бөлүнгөн аймактардагы жолдорду күтүү жана калыбына келтирүү боюнча бир катар иштерди аткарышууда.  

Алар Бишкек-Ош, Жалал-Абад-Казарман, Сузак-Каду, Базар-Коргон-Арсланбаб, Ленинжол-Казармазар-Сере, Кербен-Ала-Бука автожолдорундагы аң-чөнөктөрдү жамоодо. Мындан тышкары жол жээктерди тазалоо жана  толтуруу, көпүрөлөрдү оңдоо, жол белгилерин алмаштыруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Ошондой эле Талас филиалынын №48 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан мамлекеттик маанидеги Тараз-Покровка-Кайынды унаажолунун 0.0-10.0 км аралыгында тегиздеп түздөө иштери аткарылууда, бул жерде 3 даана автогрейдер иш алып барууда.

Ал эми №48 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Тараз-Талас-Суусамыр автожолунун 24-25-чакырымдарында аң-чөнөктөрдү жамоо иштерин аткарышууда.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы