mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүн, 22-февралга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдордун абалы тууралуу маалымат

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери өлкөнүн ашуу жана башка тилкелеринде карды тазалоону жана инерттик материалдарды чачууну улантууда.

2024-жылы 22-февралында, Казарман-Акталчат унаа жолунун 44 -99-чакырымдарына кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Учурда жолду кардан тазалап жатышат.

Өтмөк ашуусунун айрым жерлеринде кар күрткүлөрү пайда болуп,  учурда КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин  №36 жол тейлөө кызматкерлери  туз-кум аралашмасын чачуу иштерин жүргүзүп  жатышат, жол ачык.

Түндүк-Түштүк автожолунун 296-243-чакырымдарындагы Казарман-Арал участкасында таштардан тазалоо иштери жүргүзүлдү. 

Ошондой эле Тоо-Ашуу, Ала-Бел, Чапчыма, Долон, Кызыл-Бел, Чыйырчык, Талдык, Чар жана башка башка ашууларда жолдорду тазалоо жана тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргызгидромет билдиргендей, 22-февралда түнкүсүн Чүй жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар аз жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар аз жаап, башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет .

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.