mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүн, 19-февралга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдордун абалы тууралуу маалымат

Бүгүн, Кыргызгидромет билдиргендей, 19-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаап, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөшүп, тайгакка каршы инерттик материалдарды себишүүдө.

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусу жана Каракол-Энилчек автожолунун Чоң ашуусу аба ырайына байланыштуу убактылуу жабылды.

Ал эми Ала-Бел, Көк-Бел, Барпы, Чапчыма,   Чыйырчык,   Долон, Өтмөк, Кызыл-Бел ашууларында жолчулар  кардан тазалоо жана кум себүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Жолдор ачык каттам бар.  

Суусамыр-Талас-Тараз, Ош – Баткен- Раззаков, Ош-Сарыташ-Эркештам,   Кара — Суу-Отуз -Адыр -Кеңсай,  Ленин-Жол-Казар-Сере, Рахманжан-Кара- Булак, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайку, Айгул-Таш-Согмент-Таян, Каракол-Энильчек, Бишкек-Нарын-Торугарт автожолдорунда жолчулар тайгакка каршы инерттик материалдарды чачышууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.