mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош унаа жолу: Бир тараптуу каттам бар, тазалоо иштери уланууда

Бишкек-Ош унаа жолунун 416-чакырымында бир тараптуу каттам бар, тазалоо иштери уланууда. Жеринде №30 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, кечээ, 12-май күнү кечки саат 17:10 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 416-чакырымындагы тилкесине таш түшүп, жол жабылган. Аймакты тейлеген жолчулар тарабынан дароо тазалоо иштери жүргүзүлүп, бир тараптуу каттам берилген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы