mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 137-154-чакырымдар аралыгына жол белгилери орнотулду

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 137-154-чакырымдар аралыгына жол белгилери орнотулду. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №10 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан ошондой эле аталган тилкедеги лотокторду жана жол четин тазалоо, ортодогу тосмолорго атайын жарык берүүчү ленталарды тагуу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу иштери жүрдү.

Эске салсак, жол кырсыктарын алдын алып, адам өлүмүн болтурбоо максатында буга чейин Бишкек- Нарын-Торугарт жолуна атайын буферлер да орнотулган. Жолдун ортосундагы тосмолордун баш-аягына коюлган атайын челектер ачык түскө ээ болуп, түн ичинде да алыстан көрүнөт.

Кырсык болгон учурда буферлер соккуга жана деформацияга туруштук бере алат, бул унааларга келтирилген зыянды азайтып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы