mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Кой-Таш-Ысык-Ата унаа жолунда караңгыда күйгөн жол белгилери орнотулду

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №25 Жол тейлөө ишканасы караган Бишкек-Кой-Таш-Ысык-Ата унаа жолунун 11-чакырымында (7-Апрель-Баялинова көчөлөрүнүн кесилиши) жөө адамдар өтүүчү жол сызыктар чийилип, эки тарабына караңгыда күйүп, алыстан көрүнгөн (светодиодные) жол белгилери орнотулду.

Жергиликтүү тургундар аталган тилке кооптуу деп саналганын белгилеп, айтылган сунушту четке какпай дароо кабыл алып, аткарууга алган министрликке караштуу Жол чарба департаментинин жетекчилигине жана №25 ЖТИнин кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы