Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Транспорт боюнча жумушчу тобунун XIV жыйыны өттү
- 75 просм.
Бүгүн, 22-апрелде Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн Транспортту өнүктүрүү боюнча жумушчу тобунун кезектеги XIV жыйыны болуп өттү.
Жыйындын күн тартибине транспорт тармагын санариптештирүү жана транзиттик процедураларды жөнөкөйлөтүү боюнча бир катар маанилүү маселелер коюлган.
Жыйында негизги тема катары санариптештирүү маселеси каралып, уюмга мүчө мамлекеттер арасында «e-CMR» электрондук системаларын киргизүү мүмкүнчүлүктөрү жана «e-Permit» долбоорун андан ары өнүктүрүү талкууланды.
Ошондой эле, Транс-Каспий багытындагы «Орто коридор» аркылуу жүк ташууларды жана транзиттик операцияларды жеңилдетүү чаралары каралды.
Мындан тышкары, Каспий деңизиндеги кызматташтык алкагында паром каттамдарын колдоо жана биргелешкен жүк ташуучу паромдорду ишке киргизүү концепциясы талкууланып, Түркия тарабынан сунушталган транспорттук уюмдарды реформалоо маселеси жана 2022-жылдын 11-ноябрында Самаркандда кол коюлган “Түрк мамлекеттери уюмунун эл аралык аралаш жүк ташуулар жөнүндө макулдашуусунун” күчүнө кириши боюнча пикир алмашуулар болду.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча ТМУга мүчө мамлекеттердин Транспорт министрлеринин 9-жыйынынын долбоору бекитилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы







