mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкекте ири курулуш көргөзмөсү башталды

Бишкекте Борбор Азия чөлкөмүндөгү беш ири курулуш көргөзмөнүн бири болгон “KyrgyzBuild 2024” иш-чарасы башталды. Анын ачылышына министрликтер жана ведомстволордун жетекчилери, элчилер менен ири тармактык ишканалар жана бизнес структуралардын өкүлдөрү катышты.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев көргөзмө мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөлөрдүн жана коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирип, ар тармактын көйгөйлөрүн талкуулоого, тажрыйба алмашууга жана жаңы заманбап технологиялык жетишкендиктер менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирди. Ал ошондой эле, “KyrgyzBuild 2024” иш-чарасынын жол-транспорт тармагында да орду чоң экенин белгилеп, көргөзмөгө катышкандардын арасынан аталган тармакка тиешеси бар 10дон ашык компания өкүлдөрү менен жаңы технологияларды өздөштүрүү жаатында актуалдуу темаларды талкуулоого жол ачылганын айтып өттү.

Белгилей кетсек, 23-апрелде башталган эл аралык курулуш индустриясынын адистештирилген көргөзмөсү 25-апрелге чейин уланат. Жалпы иш-чарага Беларусь, Германия, Испания, Италия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Польша, Россия, Түркия, Өзбекстан, Украина, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдөн 100дөн ашык компаниялар катышууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы