Бишкекте БУУнун Борбор Азиянын экономикасы үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) 29-отуруму өттү
- 19 просм.
20-21-ноябрь күндөрү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Борбор Азиянын экономикасы үчүн атайын программасынын (СПЕКА) туруктуу транспорт, транзит жана байланыш боюнча тематикалык жумушчу тобунун 29-отуруму жана “Транспортту трансформациялоо: Санариптик технологияларды колдонуу — СПЕКА аймагындагы автомобиль жана темир жол транспортундагы ташуулар үчүн аспаптар” деп аталган семинар өттү.
Иш-чарага министрдин орун басары Алмаз Тургунбаев баштаган ведомствонун кызматкерлери, Экономика жана коммерция министрлигинин, Эл аралык автомобилдик ташуулар ассоциациясынын, ошондой эле Азербайжан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын кызыкдар мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын жана БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык Социалдык Комиссиясынын өкүлдөрү жеринде жана онлайн форматта катышты.
Туруктуу транспорт, транзит жана байланыш боюнча тематикалык жумушчу топтун 29-отурумунун жүрүшүндө 28-отурумдун отчету угулуп, бекитилди. Ошондой эле, СПЕКА аймагында транспортту туруктуу өнүктүрүү, ага мүчө өлкөлөрдөгү улуттук жана эл аралык деңгээлде транспорттук инфраструктура жаатындагы долбоорлор, иш-чаралар жана демилгелер, транспорт тармагындагы эл аралык конвенциялар менен макулдашуулар жана алардын аткарылышы менен жол коопсуздугу маселелери каралды. Мындан тышкары, 29-отурумдун отчету макулдашылып, кийинки 30-сессиянын күн тартибинин долбоору бекитилди.
Ал эми “Транспортту трансформациялоо: Санариптик технологияларды колдонуу — СПЕКА аймагындагы автомобиль жана темир жол транспортундагы ташуулар үчүн аспаптар” аттуу семинарда аймактык жана аймактар аралык транспорттук байланышты жакшыртуу жана эл аралык транспорт коридорлорунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн чечимдердин бири болгон Бириккен Улуттар Уюмунун ички транспорт жана чек арадан өтүүнү жеңилдетүү боюнча укуктук актыларына, өзгөчө чек арадан өтүүнү жеңилдетүү үчүн санариптик чечимдерди натыйжалуу ишке ашырууга көңүл бурулду. Тагыраагы, e-TIR жана e-CMR, URL жана башка жөнөкөйлөштүрүү куралдарын колдонуу маселелери талкууланды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы