mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бекназар Базаралиев Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды

Базаралиев Бекназар Токтосунович Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бекназар Базаралиев эмгек жолун 2006-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун мамлекеттик дирекциясында катардагы адис болуп баштаган. 2024-жылга чейин министрликке караштуу мекемелерде иштеп, бөлүм башчыдан тарта бир топ жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Министрдин жаңы орун басарын жамаатка Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Данияр Эркинбаев тааныштырды.

Ал эми ведомство жетекчиси Тилек Текебаев Бекназар Базаралиевдин практикалык иш тажрыйбасын белгилеп, жаңы орунда ийгиликтерди каалады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы