mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Баткен аймактык башкармалыгынын инспекторлору 2024-жылдын 2 айында 2016 автотранспорт каражаттарын текшеришти

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 2024-жылдын 2 айында 2016 автотранспорт каражаттары текшерилди.
Бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 121 укук бузуулар аныкталып, 722000 сомго 121 протокол түзүлүп, анын 546500 сому өндүрүлгөн.
Белгилей кетсек, өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр кыйла жогору, бул 2024-жылдын 15-февралында «КРдин укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамы күчүнө киргени менен негизделет.
Учурда жогоруда белгиленген КР Кодексинин жаңы кирген беренелерин сактоо боюнча Баткен аймактык башкармалыктын инспекторлору юридикалык жактар, жүк ташуучулар менен тыгыз иш алып барышып, айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы