Ашуулардагы абал: Саат 17:00го алынган маалымат
- 20 просм.
Сосновка постунда саат 16:45тен тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Азырка тапта Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум себүү иштери жүрүүдө.
Ошондой эле, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда да (60-чакырымы) саат 16:45тен тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу киргизилди. Азыркы тапта аймакты караган №36 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери инерттик материалдарды чачып жатышат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы