mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашуулардагы абал: Жол тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө

Бүгүн, 15-мартка карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө эртең менен саат 8:20да алынды. Ошондой эле Өтмөк ашуусунда дагы унаа кыймылына чектөө жок.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.

Ал эми Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда катуу бороон болуп, каттам үчүн кыйынчылыктар жаралды. Азыркы тапта №960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.  Унаа тыгыны жок.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы