mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ала-Бука-Жаңы -Базар-Кировка автожолунун “Чапчыма” ашуусуна жана Красная-Горька-Ак-Таш авто жолуна убактылуу чектөө киргизилди

16-февралда  жана 17-18-февраль күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө жана төмөндөшүнө байланыштуу Ала-Бука-Жаңы -Базар-Кировка автожолунун “Чапчыма” ашуусуна жана Красная-Горька-Ак-Таш авто жолуна убактылуу чектөө киргизилди.

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларда кар жаап жатат. Каттам ачык, чектөөлөр жок. Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап, ызгаардуу суук болуп жатат, жол кыймылына чектөө жок, каттам бар.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон жана Кызыл-Бел ашууларында кар жаап жатат. Ысык-Көл облусунун Чоң-Ашуу ашуусунда ала булут, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (72-208-км) Сөөк ашуусунда күн бүркөк, шамал болуп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөшүп, тайгакка каршы инерттик материалдарды себишүүдө.

Синоптиктердин маалыматына таянсак, 16-февралда күндүз жана 17-февралда түнкүсүн айрым жерлерде катуу жаан-чачын жаашы күтүлүп,а айрым тоолу аймактарда көчкү түшүүсү ыктымал.

Ошондой эле жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 17-18-февралдарда айрым жерлерде туман түшүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.