mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Аймактарда селден кийинки автожолдорду калыбына келтирүү, сактоо жана күтүү иштери улантылууда

Акыркы күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам республикабыздын 4 облусунда сел жүрүп, анын кесепетин жоюу үчүн КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын жолчулары күнү-түнү дебей калк кызматында болушту.

Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунда №47 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары селден кийин автотранспорттун кыймылын жандандыруу боюнча Күмүштак капчыгайындагы көпүрөнү калыбына келтирүү иштерин улантууда.

Ал эми №36 Жол тейлөө ишканасынын жумушчулары жогоруда аталган жолдун Өтмөк ашуусунда тайгакка каршы инерттик материалдарды чачышты. Өзгөн районундагы Куршаб-Жалпак-Таш автожолунда №958 Жол тейлөө ишканасынын жумушчулары трассага агып кирген  сууларды жана кум-шагыл таштарды тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ал эми Ысык-Көл облусундагы Сөөк-Каракол унаа жолунун 29-чакырымындагы Сөөк ашуусунда №3 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары  селден кийинки  жолдун жээктерин калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле, Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунда №47 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары Күмүштак капчыгайындагы көпүрөнү калыбына келтирүү иштерин улантууда.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы