Аймактарда асфальт төшөө менен катар аң-чөнөктөрдү жамоо жумуштары кызуу жүрүүдө
- 46 просм.
Өлкө аймагында асфальт төшөө иштери менен катар жолдо жаралган аң-чөнөктөрдү жамоо иштери аткарылууда. Жумуштар эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдордун планга киргизилген тилкелеринде жүрүп жатат.
7 облуста аткарылган жумуштар:
Чүй облусу – 23 795,5 м2
Нарын облусу – 1 356 км м2
Талас облусу – 9 704 м2
Ысык-Көл облусу – 4 228,4 м2
Ош облусу — 13 182 м2;
Жалал-Абад облусу — 11 433 м2;
Баткен облусу- 4 269 м2
Жети дубан жолдорунда жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруп, талапка ылайык келтирүү иштери министр Тилек Текебаевдин жеке көзөмөлүндө турат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы