mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Айдоочулардын эсине! Көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлүп жаткан жолдордун тизмеси

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 7-9-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорундагы жолдордо кар көчкү түшүү ыктымалдуулугу жогору.

Ага ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашуусунда, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдарында, Ала-Бука – Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка — Акташ унаа жолунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Белгилей кетсек, ушул тапта жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун алдын алуу менен буга чейин түшкөн кар көчкү толук тазаланганга чейин Ала-Бука – Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун Чапчыма ашуусу жана Красная-Горка — Акташ унаа жолу убактылуу жабык.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жол эрежелери менен катар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоого чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы