Абсаттар Сыргабаев Караколдогу автобекетти оңдоп-түзөө иштерин текшерди
- 14 просм.
Бүгүн, 27-августта Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Каракол шаарындагы автобекетти оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана анын айланасын асфальттоо иштеринин жүрүшүн текшерди.
Бүгүнкү күндө автобекетти жаңылоо, иретке келтирүү жумуштары ортолоп калды. Жеринде иштеп жаткан кызматкерлер менен баарлашкан Абсаттар Сыргабаев бардык жумуштарды өз убагынан кечиктирбей бүткөрүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, автобекеттин башкы имараты Каракол шаардык Кеңешинин токтомунун негизинде тарыхый-маданий жана архитектуралык обьектилердин тизмесине киргизилген.
1988-жылы колдонууга берилген бул имарат бүгүнкү күнгө дейре капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Мындан улам, автобекеттин чатыры жараксыз абалга келип, андан кирген жаан-чачын, эриген кардын суулары ички дубалдарын уратып, айрым бөлмөлөрү такыр жарактан чыгып калган.
Кошумчалай кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев азыркы тапта жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусунда жүрөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы