Министр Сыргабаев БУУ ЕЭКтин аткаруучу катчысы Татьяна Молчан менен жолугушту. Кайсы маселелер талкууланды?
- 81 просм.
Бүгүн, 10-февралда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын ички транспорт боюнча комитетинин 87-жыйынынын алкагында БУУ ЕЭКтин аткаруучу катчысы Татьяна Молчан менен жолугушту.
Жолугушууда транспорт жаатындагы көп тараптуу конвенцияларга жана макулдашууларга кошулуу, атап айтканда кооптуу жүктөрдү ташуу келишимине кошулуу, Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары үчүн бирдей техникалык көрсөтмөлөрдү кабыл алуу жөнүндө макулдашуу жана башка маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле транспорт каражаттарынын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу, санариптик чечимдерди колдонуу талкууланды.
Өз кезегинде Татьяна Молчан транспорт жаатында Европалык келишимдерди ишке ашыруу үчүн кабыл алынып жаткан аракеттери үчүн министр Абсаттар Сыргабаевге ыраазычылык билдирип, кызматташууну мындан ары да улантууга кызыкдар экендигин билдирди.
Мындан тышкары, министр Абсаттар Сыргабаев Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азия экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) алкагында өткөн иш-чарага катышты.
Өз сөзүндө министр Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу долбоорлордун бири экенин белгиледи.
Ошондой эле министр Кыргызстан жаңы транспорттук коридорлорду түзүү, тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жоюу, заманбап чечимдерди эл аралык ташууларда колдонуу сыяктуу демилгелерди колдой турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Швейцариянын Женева шаарында өтүп жаткан жыйынга 56 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда. Анда СПЕКА өлкөлөрүндө мультимодалдык транспорттук системаны санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар жана долбоорлор, санариптик транспорттук коридорлорду өнүктүрүү аракеттери талкууланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы



