Жол боюндагы мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери уланууда
- 121 просм.
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда (3-14-чакырымдар аралыгы) мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери уланууда. Жумуштар № 21 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте аткарылып жатат.
Белгилей кетсек, мыйзамсыз объектилер Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облусундагы жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо атайын техниканын жардамы менен алынып жатат.
Бул жумуштар жумуштар Президенттин 2023-жылдын 14-мартындагы ПЖ №56 “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруунун алкагында жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы