Ашууларда каттам үзгүлтүксүз уланууда
- 89 просм.
Бүгүн, 6-март ал аралык жана жергиликтүү маанидеги авто жолдордо, ошондой эле ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканаларынын жолчулары тарабынан кɵзɵмɵл жүргүзүлүп, жолдорду тейлөө иштери аткарылып жатат.
Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Тараз –Талас — Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашууларында Бишкек – Нарын -Торугарт автомобиль жолундагы Долон ашуусунда жол ачык, каттам бар.
Учурда, тайгак жерлерге инерттик материалдарды себүү, жолго түшкөн кар күрткүлөрүн тазалоо жана жол жээгин кеңейтүү иштерин жүрүп жатат.
Министрликтин маалымат кызматы