mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жолдорду ирээтке келтирүү иштери ырааты менен уланууда

Жаз келип жолдорду ирээтке келтирүү, кышында камдалган инерттик материалдардын калдыктарын кампага ташуу, таштандыларды тазалоо, кооптуулук жараткан жана куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, аң-чөнөктөрдү толтуруу, жолго чыккан сууларды буруу, шагыл, кара шагыл төгүп тегиздөө жана жолду кеңейтүү иштери кызуу жүрүүдө.

Бүгүн №12 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Кара-Жыгач ­– Сары-Челек унаа жолунун 14-чакырым аралыгындагы суу алып кеткен жерлерди шагыл төгүп, таш менен бекемдешти. Ал эми Сары-Булак-Соң-Көл менен Сары-Булак-Арчалы-Өрүк-Там унаа жолунда жолду тегиздөө жумуштары башталды.

Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырым аралыгында арыктар тазаланып, 114-чакырымындагы темир бетон тосмонун түбүндө топтолгон топурактарды тазалоо иштери жүрдү. Кемин-Орловка унаа жолунун 0-6-чакырымдагы жол жээги да сүрдүрүлдү.

Мамлекеттик маанидеги Нарын-Баетов унаа жолунун 9-82-чакырым аралыгы, Нарын-Өрүк-Тамдын 0-75-чакырымы, Он-Арча-Жаңы-Талап-Ашырма унаа жолунун 0-82-чакырымы жана жергиликтүү маанидеги Үч-Нура жолунун 0-35-чакырым аралыгында кыян сууларды буруу, суу түтүктөрүнүн ичтерин тазалоо жумуштары жүрүүдө. Ошондой эле, Кочкор-Большевик-Көлкөк унаа жолундагы кооптуу делген бак-дарактар кыркылып, тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун эски багытын тейлеген жолчулар Достук айылынын ички жолдорун кеңейтүү иштери менен алек.

№19 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Көк-Ой-Кызыл-Туу унаа жолунун 3-11-чакырым аралыгындагы жолду тегиздөө иштерин жүргүзүүдө.

Кирпичный-Саруу-Жууку унаа жолуна асфальт бетон аралашмасын төгүүгө даярдыктар көрүлүүдө.

Ошондой эле, КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бекитилген аймакты тейлеп, ашуулардагы абалга да көз салууда. Ага ылайык, өлкөнүн жолдорунда жана ашууларда унаа кыймылына чектөө жок, абал толук көзөмөлдө.

 

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы