mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Жолдорду ирээтке келтирүү иштери кызуу жүрүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин аймактарды тейлеген жолчулары тарабынан кышында камдалган инерттик материалдардын калдыктарын кампага ташуу, таштандыларды тазалоо, кооптуулук жараткан жана куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, аң-чөнөктөрдү толтуруу, жолго чыккан сууларды буруу, шагыл, кара шагыл төгүп тегиздөө жана жолду кеңейтүү иштери аткарылууда.

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 73-80-чакырым аралыгы 2 автогрейдер жана 1 автожүктөгүч менен сүрдүрүлүп, тегиздөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле жолго чыккан суулар бурулуп, таштар терилди.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 271-373-чакырымына чейинки аралыгында кыш мезгилинде себилген инерттик материалдардын калдыктарын тазалоо иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда актоо, сырдоо жумуштары жүрүп, №34 жол тейлөө ишканасынын аймагына арча көчөттөрү тигилди.

Эл аралык маанидеги Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 63-81-чакырым аралыгындагы жолдун четин ирээтке келтирүү, аң-чөнөктөрдү толтуруу иштерине даярдыктар көрүлүүдө.

Жол четин ирээтке келтирип, тазалоо иштери Бишкек-Манас жолунда дагы жүрүүдө.

Мамлекеттик маанидеги Нарын-Баетов унаа жолунун 9-20-чакырым жана Нарын-Өрүк-Там жолунун 4-20-чакырым аралыктарында куурап калган, кооптуулук жараткан бак-дарактар кыркылып, тазаланууда.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы