Жолдорду ирээтке келтирүү иштери кызуу жүрүүдө
- 537 просм.
Бүгүн, 13-мартка карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тарабынан аткарылган иштердин кыскача түрмөгү:
№50 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Базар-Коргон-Арстанбап унаа жолунун 0-2-чакырым аралыгында жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери менен алек.
Ал эми эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун боюндагы куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, жолду кеңейтүү, шагыл төгүп тегиздөө иштери жүрүүдө.
Бишкек-Ош унаа жолунун 315-427-чакырымында жолчулар жол четин таштандыдан тазалап, ирээтке келтирип жатышат.
Кемин-Шабдан-Көк-Ойрок жолун тейлеген кызматкерлер жолго түшүп, унаа кыймылына тоскоолдук жараткан таштарды тазалап жатышат.
Өзгөн-Мырзаке унаа жолунда пайда болгон аң-чөнөктөрдү толтуруу иштерине даярдыктар көрүлүүдө.
Ача-Кайынды-Май-Босого унаа жолундагы сууларды буруу иштери жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жол четин тазалоо, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, сууларды буруу, лотокторду тазалоо, аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери менен алек.
КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы