Жолчулар тарабынан аткарылып жаткан иштердин түрмөгү
- 368 просм.
Үстүбүздөгү жылдын 4-5-июлунда ЖТИ- 8 , ЖТИ-41 , ЖТИ-957, ЖТИ-32, ЖТИ -955, ЖТИ -7 аткарган иштери тууралуу маалымат .
Нарын шаарынын Молдоев көчөсүнүн кесилишиндеги көчөгө (215 м ) кум-шагыл аралашмасы төгүлүп, аны жаюу иштери жүрүүдө. Ал эми Табалдиев көчөсүнө (1127 м. ) кум-шагыл аралашмасын төгүү иштери аяктап жана Төрөбаев көчөсүнө суу өтүүчү түтүкчөлөр орнотулууда.
Кемин р Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун (95-100 чакырымга чейин жол) ортосуна белгилерди чийүү жана Кемин-Ильич-Ак-Туз жолунун аң-чөнгөктөрүн жамоо иштери жүрүүдө.
Бишкек-Нарын -Торугарт автожолунун (515-544 чакырым аралыгындагы) жээгиндеги таштандылар тазаланып жатат.
Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол (16-203 чакырым аралыгында) жана Бишкек-Наарын –Торугарт автоунаа жолунда кыян алып кеткен түтүктөрдү орнотуу иштери жүрүүдө.
Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолундагы (222-225 км аралыгындагы) кооптуу бактарды жана куурап калган бактар кыйылып, ушул эле жолдун 271-306-чакырымына чейин парапеттердин түбүндөгү чөптөрдү тазалоо жана текшерүү иштери жүрүүдө.
КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы.