mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жолчулар тарабынан аткарылган иштердин түрмөгү

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №36 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары Суусамыр-Талас-Тараз унаажолунун 8-чакырымындагы Өтмөк ашуусунда жол белгилерди (Борбордук сызык) чийүү иштерин жүргүзүштү.

2023-жылы 10-октябрда КР ТжКМ караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №955  ЖТИ жумушчулары Көкмойнок-Кувакы автожолунун 11-чакырымында коомдук даараткананы кайра курушкан. Мындан тышкары, алар Жол тейлөө ишканасынын административдик имаратынын аймагында боксторду жана автомашиналар үчүн эшиктерди сырдашты.

Ал эми № 34 ЖТИ жумушчулары Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт — КЭР менен чек аралаш автожолунун айланасындагы сигнал мамычаларын оңдоп, тазалоо иштерин жүргүзүштү, ошондой эле Кант-Чүй көпүрөсүнүн 3-4 км автожолунда жол белгилерин чийишти.