Жолчулар автоунаа жолдорду муздан жана кардан тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө
- 1 355 просм.
2023-жылдын 22-январь күнү саат 22:00дө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда 290-чакырымында DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа техникалык себептерден улам жол тилкесинде токтоп, тыгын жараткан. 2023-жылдын 23-январында таңкы саат 8де Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №41 ЖТИнын кызматкерлеринин жана Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлеринин биргелешкен аракети менен жүк ташуучу унаа жолдун четине жүк көтөргүчтүн жардамы менен сүйрөлгөн. Тыгын учурунда унаалар үчүн бир жол кыймылы камсыздалган.
Кыргызгидромет билдиргендей, 2023-жылдын 23-январында жаан-чачын болбойт. Чүй облусунда күндүз айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
2023-жылдын 23-январында Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, ошондой эле Сары-Таш-Тоң-Мурун, Сары-Таш Кызыл-Арт, Сары-Таш-Карамык, а. кар бороону байкалат, катуу шамал согуп жатат. Өтмөк, Төө-Ашуу, Чапчыма, Чыйырчык, Талдык, Долон, Чар, Акбейит, Тузбел, Торугарт, Кувакы, Кызарт, Карагоо, Чоң-Ашуу, Сөөк ашууларында ТжКМнин жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери иштеп жатышат. Карды тазалоо, дренаждык түтүктөрдү муздан тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтуруу жумуштары аткарылууда. 23-январда жогоруда аталган жана башка жолдордо өтмөк ачык, жол кызматкерлери жолдорду кардан жана муздан тазалоо иштерин улантышууда.
Аба ырайынын ыңгайсыз шарттарына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну, ынтымакта болууну жана жасалма тыгындарды болтурбоо максатында ашууларда каршы тилкеге чыкпоону сунуштайбыз. Ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек. Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы