mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Жол фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды

«Жол фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынып, анда Кыргыз Республикасынын Жол фондун түзүүнүн укуктук негиздери жана булактары, анын максаты жана пайдаланылышы аныкталган. Учурда жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун өнүктүрүү бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана өзгөртүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун максаты, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У.Жапаровдун буйругун аткаруу максатында түзүлгөн жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоону, күтүүнү, оңдоону, реконструкциялоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоого каражаттарды топтоо болуп саналат.
Фонддун жогорку башкаруу органы болуп — Фонддун Байкоочу кеңеши, аткаруучу органы болуп — Фонддун катчылыгы саналат.
Фонддун Кеңеши — Фонддун ишинин негизги багыттарын, артыкчылыктарын, узак мөөнөттүү жана учурдагы милдеттерин карайт, аныктайт жана бекитет. Ошондой эле, Фонддун каражаттарын чыгымдоо планын бекитет, республикалык бюджеттин каражаттарын бөлүштүрөт.
Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жалпы коомчулуктун, атап айтканда, жүк ташуучулар ассоциациясынын жана мамлекеттик органдардын катышуусунда “Жол фонду жөнүндө” мыйзамды талкуулоо боюнча парламенттик угуулар болуп өттү, жыйынтыгында баары Жол фондун түзүүнү колдошту.
Ошондой эле, 2022-жылдын 18-февралында Жол фондунун Байкоочу кеңеши түзүлүп, биринчи отуруму болуп, анда фонддун уюштуруу маселелери каралып, бекитилген.
Фонддун бюджети Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жоболоруна ылайык түзүлөт.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы