Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында көчмө жыйын өткөрдү
- 754 просм.
Депутаттардын бул жолку көчмө жыйынынын программасына төмөнкү маселелер киргизилген:
- “Бишкек-I” темир жол бекетинде Локомотивдер менен таанышуу
- Жүк ташуучу вагондордун абалын көрүп чыгуу
- “Локомотив” спорт комплексинин ишмердүлүгү менен жеринде таанышып чыгуу
- Көчмө жыйынды өткөрүү
Алгач, Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин депутаттары “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын “Локомотивдери” менен таанышып чыгышты. Анда маалым болгондой ишкана 2013-2014-жылдары Казахстандан 6 жаңы Локомотивдерди сатып алган. Ал эми калган Локомотив паркы жаңыланууга муктаж.
Андан соң депутаттарга вагон чарбасы боюнча маалымат берилип, жүк ташуучу вагондордун бүгүнкү абалын көргөзүштү. 2018-жылы жалпысынан 19 вагон ремонттон өткөрүлгөн болсо, анын 4 вагону жүк ташуучу вагондор. Жалпы вагондордун 50 % дан ашыгы учурда жараксыз абалга келген. 2020-жылы дагы 95 жүргүнчү ташуучу вагондор иштен чыгат. Эгерде 2022-жылга чейин вагон паркын толук жаңылап, чарба субьектилеринин талаптарын аткара турган болсок, анда жыл сайын 200 вагон сатып алышыбыз керек – дейт ишкана жетекчиси Канатбек Абдыкеримов.
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкармалыгында өткөн көчмө жыйында ишкана башчысы Канатбек Абдыкеримов ишкана туурасында кеңири маалымат берди. Анын айтымында 2018-жылы темир жолу аркылуу 7 млн. 400 миң тонна жүк ташылды Бул деген 2017-жылга салыштырмалуу 104 %тти түзөт же 281, 100 миң тоннага өсүш болгон. Жүктөрдүн көлөмүнүн өсүшү жүктөрдү экспорттоонун эсебинен көбөйүп олтурат:
— Таш көмүр 160%
— Күйүүчү май 10 эсе ( бир жылдан 6 миң тоннадан 75 миң тоннага чейин)
— Курулуш материалдары боюнча жүктөр 4 эсе
— Цемент 3 эсе
Башкы директор белгилегендей темир жолдо 2017-жылга салыштырмалуу өткөн жылы 10 476 жүргүнчү көп ташылган. 2018-жылы Кыргыз темир жолу аркылуу 324 миң 400 жүргүнчү ташылды.
— Жергиликтүү каттамдар боюнча – 291 миң 600 жүргүнчү
— Эл аралык каттамдарда – 33 миң 100 жүргүнчү
Жергиликтүү каттам жана эл аралык каттамдарда да өсүш темпи байкалат.
Белгилей кетүүчү нерсе автомобиль жолундагы ремонт иштерине байланыштуу 2017-жылдын апрель айынан тартып, Бишкек-Кара-Балта-Бишкек багыты боюнча поезд каттамы ачылган. 2018-жылы аталган багыт боюнча 26 миң 359 жүргүнчү ташылган.
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын башчысы Канатбек Абдыкеримов өз сөзүндө Темир жол транспортун 2019-2025-жылдарга карата өнүктүрүү Концепциясынын долбооруна да токтолду.
Анын айтымында бул документтин негизги максаты: темир жолун өнүктүрүү, темир жол аркылуу жүктөрдү ташууну камсыздоо үчүн тийиштүү шарттарды түзүү болуп эсептелет. Ошондой эле ишкананын ишмердүүлүгүн жогорулатуу, модернизацияланган өнүгүү жолуна түшүү башкы максаттардан. Мындан тышкары аталган концепцияда ишкананы башкаруунун жаңы модели катарында – Акционерлештирүүнү жүзөгө ашыруу маселеси да каралган.
Башкы директордун маалыматынан кийин депутаттарды кызыктырган суроолорго тийиштүү жооптор берилди.
Көчмө жыйындын соңунда Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети өзүнүн чечимин кабыл алды.