mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Нарын аймактык башкармалыгы “Посттордогу транспорттук көзөмөл кызматынын” 1 (бир) ага инспектор бош кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт.

Билими денгээли:

  1. Автотранспорт,Унаа жолдору тармагындагы жогорку техникалык  билими,
  2. Экономикалык жогорку билими,
  3. Юриспруденция боюнча жогорку билими
  4. IT – технология боюнча жогорку билими.

—  Иштеген эмгек стажы:- эмгек стажы кереги жок

— 21 жаштан кем эмес КР жараны

— Билим чөйрөсү:

— КР автотранспорт, лицензиялоо, укуктук  актыларды  билүү

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси,

—  Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси.

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө Кыргыз Республикасынын  мыйзамы,  —  —

— Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, Автомобиль транспорту жөнүндө, Автомобиль

жолдору жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы лицензиялык – уруксат берүү тутуму жөнүндө.

— Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук

каражаттарды өткөрүү жана транспорт  каражаттарынын жалпы салмагын,октук салмак

басымын,ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө

жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль

жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө

жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №454

токтому   08.08.2011 жыл.

— Кыргыз Республикасынын автомбиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын

мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө  Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн №724 Токтом,

— Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун

эрежелерин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын токтому №311 от 21.05.2015-    жыл

— Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин   токтому  №223 14.04.2022-жыл – Кыргыз

Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү

жана суу транспорту департаменти жөнүндө.

 

Милдеттери;

-Жүргүнчү жана эл аралык жук ташуучу автотранспорттун иштешинде мамлекеттик жөнгө салуу

жана транспорттогу мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө иштерин жүргүзөт.

-Жергиликтүү  өзүн өзү башкаруу  жана мамлекеттик органдар менен биргеликте өз

компетенциясына ылайык иш жүргүзүү.

— жоопкерчиликтүү, командада иштей  билүү керек

— компьютерде,  ар кандай  программада иштөө  тажрыйбасы бар

 

Конкурска катышуу учун томондогу документтер талап кылынат;

— конкурсттук сынак комиссиянын төрагасына жазылган  өтүнүч кат

— кадрлар эсебин каттоо баракчасы, сүрөтү

— паспорттунун же инсандын тастыктаган документтин көчүрмөсү

— Эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын  жогорулатылгандыгы, илимий даражага

ээ болгондугу тууралуу  нотариалдык жактан  күбөлөндүрүлгөн же  иштеп  жаткан

жериндеги  Персонал менен иш алып баруу бөлүмү тарабынан тастыкталган   документтердин

көчүрмөсүн

— мурдагы иштеген жеринен жолдомо кат (иштеген болсо)

 

 

Документтер;

Арыздарды кабыл алуу 2023-жыл   сайтга жарыяланган күндөн тартып он календарлык  күн аралыгында  Саат 17-00 го  чейин кабыл алынат.  – Нарын шаары Нарын №30 Сурап билүү  телефону  5-19-23