mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жарыя

Аудитордук кызмат

кӨрсӨтҮҮгӨ кызыкКАндыкты билдирҮҮ

 

кыргыз РеспубликаСЫ

 

ош-баткен-исфана АВТОЖОЛУН РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО ДОЛБООРУ,

 км 75 — 108

 

Транспорттук тармак

 

Насыя №: KYR-0048

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ислам өнүктүрүү банкы (ИѲБ) тарабынан Ош-Баткен-Исфана, автожолунун 75-108 чакырым участогун реконструкциялоо долбоорунун чыгымдарын жабу үчүн насыя алган жана бѳлүнгѳн каражаттын бир бѳлүгүн долбоордун чегинде аудитордук кызмат кѳрсѳтүүлѳргѳ жумшайт.

 

Кызмат кѳрсѳтүүлѳр долбоордун аудиттик финансылык отчёттулугун жана эсеп-кысап/отчёттун даярдоону камтыйт. Долбоор боюнча сатып алуулар тууралуу «Asharq Alawsat» эл аралык гезитине 24.09.2014 жылы жарыяланган жалпы билдирүүнү караңыз.

 

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги аталган кызматтарды кѳрсѳтүүгѳ кызыгуусун билдирүү үчүн укуктуу аудитордук компанияларды чакырат. Аудит жүргүзүүдѳгү тажрыйбасы болгон, ошону менен бирге Эл аралык өнүктүрүү банктар тарабынан каржыланган эң аз дегенде бир долбоорго аудитордук отчёт даярдоодо тажрыйбасы бар кызыккан аудитордук компаниялар кызмат кѳрсѳтүү үчүн квалификациясы болгондугу тууралуу маалыматтарды (брошюра, окшош тапшырмалардын баяндамасы, окшош шарттардагы тажрыйба, тура келген жѳндѳмдүүлүккѳ ээ болгон жеке кызматкерлери болушу тууралуу ж.б.) берүүсү керек.

 

Кызыккан консультант компаниялар ѳздѳрүнүн квалификациясын жогорулатуу максатында биргелешүүсү мүмкүн жана ассоцияциялар (бирикменин түрүн тактап көрсөтүү: биргелешкен ишканалар же субподряд боюнча консультациялык кызматтар), ошондой эле ѳздѳрүнүн кѳрсѳткѳн кызмат түрүн (коммерциялык же коммерциялык эмес) так кѳрсѳтүшү керек.

Кызыккан консультант Ислам өнүктүрүү банкынын каржылосунда консультанттарды тартуу боюнча жол-жоболордогу жазылган процедураларга ылайык тандалат (учурдагы басылманын негизинде).

 

Кызыккан консультант компаниялар кошумча маалыматты тѳмѳндѳ кѳрсѳтүлгѳн дарек боюнча жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00 дон 17:00 го чейин ала алышат.

 

Кызыккандыкты билдирүү тѳмѳндѳгү дарекке 2018-жылдын 27 июнь саат 14:00го чейин (Бишкек убактысы) жеткирилип берилиши керек.

 

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин Ислам Өнүктүрүү банкынын долбоорлорду ишке ашыруу тобу

6 кабат, 611-бѳлмѳ

Исанов кѳчѳсү 42

720017 Бишкек, Кыргыз Республикасы

Тел.: +996-312 31–43–88, 31– 47– 22

Факс: +996-312 314388

Email: piumotckr@gmail.com