mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жарым жылдын жыйынтыгы

6 айда аткарылган иштер:

— 2023-жылдын 6 айында жол тармагы боюнча жалпы каржылоо 3 млрд 289 млн 800 мин сом же 2023-жылга каралган каражаттардын 52% түзөт. Былтыркы жылдын 6 айында каржылоо 4 млрд 183 млн 475 миң сомду түзгөн, же 893 млн 675 миң сомго көптүк кылган.

— Жол тармагы боюнча иштердин көлөмү 1 млрд 651 млн сомго аткарылып, 96 км асфальтбетон төшөлдү, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул 38 кмге көп, же болбосо 67 % өстү.

— Республикабыздын жалпы пайдалануудагы жолдорун курууга, кармоого жана оңдоого жалпысынан 6 млрд 350 млн 700 миң сом каралган.

— Быйыл Россиядан 4,0 млн сомдук жол белгилерин чыгаруучу жабдык сатылып алынды жана жол белгилерин өзүбүз чыгарып баштадык.

— Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, кыштын ызгардуу болгонуна байланыштуу, жалпы пайдалануудагы автожолдорду кышкы кармоого өзгөчө көңүл бурулуп, жолдордун бир да участокторунда, анын ичинде ашууларда жолдордун жабылып калышына жол берилген жок.

— Акыркы 2 жылда республикалык бюджеттин эсебинен Ата-мекендик куруучулардын күчү менен чоң долбоорлор ишке ашырыла баштады, Алардын ичинен приоритеттүү төмөнкү объектилерде иштер кызуу жүрүп жатат:

Балыкчы-Бөкөнбаев, Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду, Ош-Баткен-Раззаков,

Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка, Нарын-Баетов, Баткен-Кара-Бак-Чоң-Талаа, Төрт-Гүл-Миң-Өрүк автожолдору.

Мындан сырткары, Нарын шаарынын 44 көчөсүнө асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп жатат.

— Учурда Кыргыз Республикасынын ички аэропортторун ишке киргизүү максатында Нарын, Талас, Жалал-Абад, Кербен шаарларынын жана Казарман айылынын аэропортторунун учуу тилкелерин жана перрондорунда асфальт төшөө иштери кызуу жүргүзүлүп жатат. 6 айдын жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарынын аэропортундагы иштер толугу менен бүткөрүлүп 7600 м квадрат асфальт төшөлдү.

— Төө-Ашуудагы тоннелдин акыбалы начарлап калган эле. Быйыл тоннельди ондоо иштери башталып, азыркы күнү жарыктандыруу системасы толугу менен алмаштырылды, 10-августка чейин тоннелдин ичи толугу менен асфальтталып бүтүшү күтүлүүдө.

— Президентинин тапшырмасы менен жол тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында 2022 жана 2023-жылдары 297 даана техника жана жол куруу жабдуулары республикалык бюджеттин эсебинен биринчи жолу сатылып алынды. Мындан сырткары дагы 453 даана техника алынышы күтүлүүдө.

— Инвестициялык долбоорлор боюнча 2023-жылы жалпысынан 101 чакырым үстүнкү катмар жана 56 чакырым астынкы катмар жолдордун салынышы күтүлүүдө. 2023 жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен 50 км үстүнкү катмар жана 24 км астынкы катмар асфальт төшөлдү, ал эми 2022 жылдын 6 айында 8 км үстүнкү катмар жана 26 км астынкы катмар асфальт төшөлгөн.

— Көк-Арт ашуусу аркылуу тоннелдин курулушу боюнча 3890 метрдин 3871 метри казылып бүттү, анын ичинде быйыл 325 метр казылган, аягына чыгуу үчүн дагы 19 метр калды.

— Быйыл жол тармагынын адистерин Азия өнүктүрүү банкы тарабынан ФИДИК боюнча окутуу курстары уюштурулуп, Бишкек жана Ош шаарларында 120 адам окутулду жана бул багытта иштер улантылат.

— Айдоочуларды Европа өлкөлөрүнө барып иштешине шарт түзүү максатында, Латвиядан келген адистердин жардамы менен, кыргыз жүк ташуучуларынын өкүлдөрүн окутуп, евростандарттагы айдоочунун күбөлүгү 18 адамга тапшырылды.

— Автомобиль жана темир жол транспорту. Азыркы учурда республикада 1837 калктуу конуш бар, анын ичинен 1661 калктуу конуш автобустук каттам менен камтылган, бул 91 % түзөт, 176 калктуу конуш камтылган эмес. 1011 автобустук каттам, анын ичинде эл аралык, шаардык автобус жана троллейбус каттамдары бар. Учурда 993 каттам иштеп жатат. 2023-жылдын 6-айында 11 жаңы каттам ачылды.

— 2023-жылы башка мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында 35455 уруксат бланктары алынган. Андан сырткары, мурдагы жылдарда Кытай Эл Республикасынан алынып, колдонулбай калган 23639 уруксаат бланктары узартылган. 2023-жылдын 6 айында автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташууга 42689 уруксат бланкы берилген, 2023-жылдын 6 айында кыргызстандык автоташуучулар 96868 рейс аткарып, 1639416 тонна жүк ташыды. Жүк ташуунун жогорулашы, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 271657 тоннага көбөйгөн.

— Транспорттук көзөмөл жургүзүү боюнча “Кара-Кече – Дыйкан” автожолундагы “Турускул” транспорт козөмөлдөө посту Альтернативдик “Түндүк-Түштүк” автожолуна жайгаштырылып ишке киргизилди. Мындан сырткары “Ат-Башы” жана «Кербен» посттору иш режимине киргизилди.

— 2023-жылдын 6-айында транспорттук көзөмөлдү күчөтүүнүн натыйжасында 2022-жылдын 6 айына салыштырмалуу тартип бузуулар 3 эседен ашык катталган. Катталган тартип бузуулар боюнча протоколдор түзүлүп, айып пул 12 млн. сомго салынган, жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жыйым 2022-жылдын 6 айына (4 млн. сом) салыштырмалуу 3 эсе көп салынган.

— Сосновка жана Кара – Көл постторундагы көзөмөлду күчөтүү максатында видеокамералар орнотулуп, 6 айдын жыйынтыгы менен 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы жыйымдар 49%га өсүп, 85 млн. сомду түздү.

— Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору Кыргыз Республикасындагы маанилүү курулуш жана инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп саналат. Кытай темир жол курулуш корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институту тарабынан аткарылган «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол курулуш долбоорунун техника-экономикалык негиздеменин жыйынтыктоочу варианты кабыл алынды.

— Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы катары Балыкчы-Кочкор темир жолунун узундугу 63 чакырымга жакын бөлүгүн куруу иштери 2022-жылы башталган. 2022-жылда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы тарабынан Балыкчы-Кочкор темир жолунун 5 км курулду. Азыркы учурда 5-10 км темир жолдун төмөнкү конструкциясынын төшөө иштери жүргүзүлүп жатат 2023-жылы 15 чакырымдай темир жолду куруу пландалууда.