Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы №12- Жол тейлɵɵ мекемеси асфальт тѳшѳѳ иштери жүрүп жатат
- 620 просм.
«Жалал-Абад-Балыкчы» автомобиль жолдор башкамалыгына караштуу Аксы районундагы № 12-жол тейлɵɵ мекесинин карамагындагы жергиликтүү маанидеги Кара-Суу-Топ-Жангак унаа жолунун «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча каралган 9млн.сомго 1-кмден 5-км-не чейинки аралыктарына (2,5км-3,3км-800метрине, 3,8км-5км-1,2метрине) жалпы узундугу 2км жолго асфальттоо жумуштары мекеменин ɵз күчү менен жүргүзүлүп, толугу менен бүткɵрүлдү.
Ошондой эле мамлекеттик маанидеги Ала-Бука-Кербен-Ташкɵмүр автожолунда жолдун чуңкурларын ондоп-түзɵɵ жумуштары жүрүп жатат.
2018-жылга карата туризм багытындагы мамлекеттик маанидеги Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолунда «Капиталдык салымдар» беренесинен 5км жолго акча каражаты каралып, мекеме тарабынан 1км жолго асфальт тɵшɵлдү, жолдогу бардык жол белгилери, парапеттери акталып-сырдалган. Жолду толугу менен асфальттап бүткɵрүү ушул жылдын июль айына пландаштырылган.
«Падыша-Ата» коругу жайгашкан мамлекеттик маанидеги Кербен-Кашка-Суу унаа жолунда подрядтык ыкма менен «Жалал-Абад АБЗ» ачык акционердик коому жолду асфальттоо иштерин жүргүзүүдɵ. Бүгүнкү күндɵ жолдун 1км аралыгы бүткɵрүлүп, жумуштар уланууда.
Пресс-кызмат