mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул, Чаткал, Базар –Коргон райондорунда толугу менен асфальт тѳшѳѳ иштери бүттү

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Ш.Жээнбековдун 2020-жылды «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жөнүндө жарлыгын ишке ашыруунун алкагында райондук борбордук кочолоруно узундугу 153 км., анын ичинен 23 шаарда 33км, 40 райондо 120 км асфальт тѳшѳѳ жумуштары каралган.

2020 –жылы Мамлекеттик капиталдык салымдар беренеси боюнчаЖалал-Абад облусундагы 5 районго  24 чакырым асфальт иши каралган. Учурда 3 райондо тактап айтканда Токтогул, Чаткал, Базар –Коргон  райондорунда толугу менен асфальт тѳшѳѳ иштери бүткѳн. Ал эми  Суузак, Ноокен райондорунда асфальт тѳшѳѳ иштери кызуу жүрүп жатат. Аталган райондордогу асфальт тѳшѳѳ иштери ушул жылдын куруу мезгилинин аягына  чейин толук бүтмѳкчү.