mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын жыйынтыктары

2021-жылдын 16-17-мартында, Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы), «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы »Мамлекеттик ишканасынын башкы директору В.А.Дашков иш сапары менен » Узбекистон темир йуллари » АКнун Башкармасынын төрагасынын убактылуу башкаруучусу Х.Н.Хасилов менен жолугушту.
Эки тараптуу кызматташтыктын алкагында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун илгерилетүү, ошондой эле башка бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.
«Кыргыз темир жолу» УК Мамлекеттик ишканасынын башкы директору В.А.Дашков Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун маанилүү элементи үч тараптуу эксперттик жумушчу топтун ишмердүүлүгүнүн алкагында бардык тараптардын деталдарын жана позицияларын тактоо экендигин белгиледи.
Ошондой эле, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, макулдашуу түзүлүп, Ташкент — Ысык-Көл (Рыбачье) — Ташкент маршруту боюнча жүргүнчү ташуучу поездди дайындоо ушул жылдын май айынан баштап жумасына бир жолу беш ай бою жүргүзүлөт. Бул жолдун ачылышы эки мамлекеттеги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу болот.