mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Укуктук актыларды “Жол фонду жөнүндө” КР Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык келтирүү максатында иш-чаралар жүргүзулүүдө

Кыргыз Республикасынын аймагындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол тармагын долбоорлоо, куруу, күтүү, оңдоо, реконструкциялоо жана техникалык өнүктүрүү үчүн финансылык каражаттарды топтоо  максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтому менен Жол фонду түзүлгөн.

Жол фонду жөнүндө жобого ылайык Фонддун Байкоочу кеңеши түзүлүп, анын чечими менен Жол фондунун түзүмү, штаттык саны жана кызматкерлердин эмгек акысы жана иш планы бекитилген. Казыналык системасында эсептешүү жана депозиттик эсептер ачылып, ЭЦП алынган жана Казна. Бюджет АМС системасы боюнча активдештирүү жүргүзүлгөн, бөлүмдөрдүн жоболору, кызматтык нускамалар бекитилген.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-майындагы № 36 Жол фонду жөнүндө Мыйзамы кабыл алынган, ал Жол фондун түзүүнүн укуктук негиздерин жана булактарын, анын максатын жана пайдаланылышын аныктайт.

Азыркы учурда ченемдик укуктук актыларды  “Жол фонду жөнүндө” КР Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык келтирүү максатында төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлүүдө:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2022-жылдын  4-августундагы  № 413-т тескемеси менен  жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкелеринин жана жол  боюндагы тилкелердин жерлери иретке келтирилди;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 “Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна тарифтер боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү  боюнча өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Учурда министрликтер жана ведомстволордон макулдашуулардан  өткөрүлүүдө.

— Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жер тилкелеринин жана жол боюндагы тилкелерде жайгашкан жер участогун ижарага берүү жана пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби иштелип  чыкты, ал макулдашууда турат;

— Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол тармагын долбоорлоо, куруу, күтүү, оңдоо, реконструкциялоо жана техникалык өнүктүрүү үчүн финансылык каражаттарды топтоо боюнча Жол фондунда администрациялануучу эсепти ачуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору иштелип  чыкты. КР Президентинин Администрациясына киргизилди;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №346 “Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө”токтому менен бекитилген Жол фонду жөнүндө жобого   “Жол фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына Жол фонду жөнүндө жобону шайкеш келтирүү боюнча өзгөртүү киргизилүүдө. Учурда министрликтер жана ведомстволордон макулдашуулардан  өткөрүлүүдө.

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы №535 токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобого жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жер тилкелеринин жана жол боюндагы тилкелердин жерлерин иретке келтирүү боюнча өзгөртүү киргизилүүдө. Учурда министрликтер жана ведомстволордон макулдашуулардан  өткөрүлүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоону жана күтүүнү  каржылоо 993 300 миң сомду түздү.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы