mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана жол министрлиги автотранспорттук компаниялардын жетекчилерине ыраазычылык билдирет

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлиги, анын ичинде транспорт тармагы коронавирус менен күрөшүүдө көмөк көрсөтүүдө. Ведомствонун борбордук аппараты жана ведомствонун бөлүмдөрү март жана апрель айында бир күндүк эмгек акыларын , ал эми министрликтин жетекчилиги бир айлык эмгек акысын COVID-19 илдети менен күрөшүү фондуна которду.
Транспорт тармагы да четте калган жок, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча 30га жакын фирмалар, зарыл болгон транспорт менен камсыздашты. Алар чет жактан келген жарандарды белгиленген жерлерге жеткирүү менен гана чектелбестен, медиктерди, аскерлерди, күч түзүмдөрүнүн жана ӨКМ кызматкерлерин да автотранспорт менен камсыздашты. Мамлекетте кыйын абал түзүлгөн учурда кол кабыш кылып жатышат. Жогоруда айтылган кызматтар үчүн мамлекеттен каражат каралган эмес, бардык иш чаралар жеке каражаттарына ишке ашууда.
Транспорт жана жол министрлиги автотранспорттук компаниялардын жетекчилерине ыраазычылык билдирет.