mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана жол министри Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын жамаатын майрамы менен куттуктады

Урматтуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын жамааты!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын түзүлгөн күнүнѳ арналган маараке  менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Мамлекеттик ишкана 23 жылдык иш жолунда  жүздөгөн учактардын учуу коопсуздугун камсыз кылып келет. Жаңы технологиялык чечимдерди иштеп чыгуунун,ошондой эле ишкананын жогорку квалификациялуу адистеринин аркасында адамдардын ката кетирүү ыктымалдыгы азайып, башкаруунун жана көзөмөлдөөнүн эң жаңы автоматташтырылган тутумдары киргизилүүдө, учууларды камсыз кылуунун техникалык каражаттары жаңыланууда.

Ушул жылдар аралыгында топтолгон тажрыйба Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны мындан ары жогорку деңгээлде натыйжалуу  өнүктүрүүнүн жаңы чектерин жана багыттарын ачууга жардам берет. Жамаатта  ар дайым жогорку кесипкөйлүк жана бекем достук өкүм сүрсүн. Бардык кызматкерлерге ийгиликтерди,  бакыт-таалай, ден-соолук, бакубатчылык жана ишканаңыздардын  гүлдөп өнүгүүсүн  каалайм!

 

Терең урматтоо менен,

Транспорт жана жол министри Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич