mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жүздөн ашык кызматкерлери ишембиликке катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров демилгелеген «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жүздөн ашык кызматкерлери ишембиликке катышты.

Анын ичинен Бишкек шаарында 50дөн ашык адам, калгандары аймактарда бөлүнүп берилген жерлерди таштандылардан тазалап, бактарды бутап, жаш көчөттөрдү тигишти.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы