mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты

2023-жылдын 29-апрель күнү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты.

Ишембилик социалдык инфраструктураны жана санитардык абалды жакшыртуу, жашылдандыруу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү максатында өткөрүлдү.

Министрликтин кызматкерлери мекемеге бекитилген Достук айылындагы жердеги таштандыларды жана башка тиричилик калдыктарды чогултуп, алар таштанды полигонуна чыгарылды.

Ишембиликке ведомствонун борбордук аппаратынан тышкары, ведомстволук түзүмдөрдүн кызматкерлери болуп 150дөй киши катышты.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы