mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча эки күндүк семинар уюштурулду

Окутуунун алдында Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев мекемеге караштуу ведомстволук түзүмдөрдүн кызматкерлери менен жолукту. Министр сапаттуу жолдорду салуу үчүн кызматкерлерди окутуу зарылчылыгына токтолуп, семинарларды, тренингдерди үзгүлтүксүз өткөрүү — бул тармакта жакшы жылыштарга алып келерин белгиледи.

“Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун курууда жана пайдаланууда заманбап көйгөйлөр жана инновациялык чечимдер” деп аталган семинарга Жол чарба департаментинин жана “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасына караштуу ЖТИлердин жетекчилери менен башкы инженерлери болуп жалпы 50гө чукул киши келген.

Эки күнгө созула турган семинар министрликтин имаратында жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, буга чейин кызматкерлер чет өлкөлөргө барып квалификациясын жогорулатып келсе, азыркы тапта семинар, окутуулар Кыргызстанда уюштурулуп, аны жол тармагында тажрыйбасы мол кызматкерлер өткөрүп келет. Мындай иш-чаралар үзгүлтүксүз уланып, аймактарда иш алып барган кызматкерлер кезеги менен окутулат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы